Муниципалдык ишканалар
Достук айыл аймагында муниципалдык ишканалар калкты негизги кызматтар менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.
Муниципалдык ишкана «Ынтымак Достук»
Муниципалдык ишкана «Ынтымак Достук» 2024-жылдын 6-майында түзүлгөн. Ишкананын негизги ишмердүүлүгү — катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат.
Ишкана түзүлгөн учурда кызматкерлердин саны 61 адамды түзгөн. Учурда ишканада 75 кызматкер эмгектенип, калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө.
Ишкана өз күчү менен атайын техникаларды оңдоп-түзөп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга аракет кылууда. Ошондой эле жаңы абоненттерди тартуу жана келишимдерди түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2026-жылдан тартып ишкана жаңы конуштарда суу түтүктөрүн өз алдынча орнотуу иштерин жүргүзүп, киреше бөлүгүн көбөйтүүдө.