Ачыктыk • Жеткиликтүүлүк • Мыйзамдуулук

Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалыматтык платформасы

Бул расмий сайт аркылуу Достук айыл аймагынын ишмердүүлүгү, кабыл алынган чечимдер, өнүктүрүү багыттары, жергиликтүү маанидеги жаңылыктар, муниципалдык кызматтар жана жарандар үчүн маанилүү расмий маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Расмий маалымат

Жарандар үчүн тез жеткиликтүү бөлүмдөр

Негизги кызматтар, кайрылуу формалары, документтер жана пайдалуу шилтемелер ыңгайлуу жайгаштырылып, компьютерден да, мобилдик түзмөктөн да оңой ачылат.

Расмий

Айыл өкмөттүн текшерилген жана актуалдуу маалыматтары

Ыңгайлуу

Жарандар үчүн негизги бөлүмдөр жөнөкөй түзүмдө

Достук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Head of village
Джумалиев Тимур
Болотович

Ишеним телефону:
0(312) 41-41-65

E-mail: info@dostuk-ao.gov.kg

Расмий каттар жана кайрылуулар үчүн

Жооптуу адам: Бегалиева Динара Мамасалиевна

Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Снимок экрана 2026 04 05

Пикириңизди калтырыңыз

Достук айыл өкмөтү

Расмий маалымат

Жаңылыктар

Айыл аймагында болуп жаткан акыркы окуялар, жолугушуулар, социалдык жана инфраструктуралык иштер боюнча материалдар.

79eff45b b330 47f5 bb39 2eecd00017e6

🚛♻️ Достук айыл өкмөтүнүн автопаркы дагы бир «SHACMAN» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа менен толукталды!

«Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана катуу тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен экинчи заманбап «SHACMAN» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа сатылып алынды. Жаңы атайын техника буга чейин алынган таштанды ташуучу унаа менен бирге толук кандуу иш графиги боюнча калкка кызмат көрсөтүүнү баштады. «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасы тарабынан санитардык тазалыкты камсыздоо жана коммуналдык кызматтарды жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.
F731423b eb6f 4a12 90a1 523aec5660b2

ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ЖЕҢИШ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Достук айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган 8–9-май күндөрүндөгү эскерүү жана майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаралар автожүрүш менен башталып, айыл аймактагы бир катар айылдарды камтыды. Митинг-реквием өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине гүлдөр коюлуп, шамдар жагылды. 9-май күнү «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, тургундар ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын эрдигин эскеришти. Борбордук аянтта салтанаттуу митинг, майрамдык концерт, элдик оюн-зоок жана талаа ашканасы уюштурулуп, майрам салют менен жыйынтыкталды. Иш-чараларга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана «АНО Евразия» уюмунун өкүлдөрү катышып, майрамдын салтанатын дагы да арттырды. 🙏 Улуу Жеңиш үчүн жанын аяган баатырларды терең урматтоо менен эскеребиз. 🤝 Майрамды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон бардык мекеме-уюмдарга, айыл тургундарына ыраазычылык билдиребиз.
660299506 1292615829738636 1362397843119925742 n

Восточная көчөсүндө кошумча иштер уланууда

02/04/2026

Восточная көчөсүндө суу камсыздоону жакшыртуу максатында 800 метр суу түтүктөрү тартылып, кошумча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Маанилүү бөлүмдөр

Жарыялар, документтер жана вакансиялар

Конкурстар, ижарага берүү,  жана доолборлор ушул бөлүмдө жайгаштырылат.

Документтер
07/07/2025

Муниципалдык менчикке социалдык объектти кабыл алуу жөнүндө токтом

Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан Ленин айылындагы «Колосок» балдар бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча токтом кабыл алынды. Бул чечим социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана объектти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
Ваканcиялар
Аппарат

Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс (Башкы адис — юрист)

Мамлекеттик кызматта — кеминде 3 жыл Муниципалдык кызматта — кеминде 3 жыл Жалпы кесиптик тажрыйба — кеминде 5 жыл Кыргыз Республикасынын укуктук жол-жоболорун билүү Келишимдерди түзүү жөндөмү
Дедлайн: 17/06/2025

Өнүгүү

Долбоорлор

Аймактагы социалдык, инфраструктуралык жана инженердик долбоорлор боюнча  блоктор жана маалыматтар.

Медиа

Фото жана видео галерея

Айыл аймагындагы иш-чаралар, расмий жолугушуулар жана аткарылган иштер боюнча медиаматериалдар.

Иши кызып, ирээтке келген Достук айыл аймагы

Аймактын өнүгүүсү, инфраструктурасы жана жарандар үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кыска материал.

Доор менен кошо өнүккөн Достук айыл аймагы // АЙЫЛ ДЕМИ

Аймактын өнүгүүсү, инфраструктурасы жана жарандар үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кыска материал.