Акыркы жаңылыктар

79eff45b b330 47f5 bb39 2eecd00017e6

🚛♻️ Достук айыл өкмөтүнүн автопаркы дагы бир «SHACMAN» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа менен толукталды!

«Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана катуу тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен экинчи заманбап «SHACMAN» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа сатылып алынды. Жаңы атайын техника буга чейин алынган таштанды ташуучу унаа менен бирге толук кандуу иш графиги боюнча калкка кызмат көрсөтүүнү баштады. «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасы тарабынан санитардык тазалыкты камсыздоо жана коммуналдык кызматтарды жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.
F731423b eb6f 4a12 90a1 523aec5660b2

ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ЖЕҢИШ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Достук айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган 8–9-май күндөрүндөгү эскерүү жана майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаралар автожүрүш менен башталып, айыл аймактагы бир катар айылдарды камтыды. Митинг-реквием өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине гүлдөр коюлуп, шамдар жагылды. 9-май күнү «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, тургундар ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын эрдигин эскеришти. Борбордук аянтта салтанаттуу митинг, майрамдык концерт, элдик оюн-зоок жана талаа ашканасы уюштурулуп, майрам салют менен жыйынтыкталды. Иш-чараларга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана «АНО Евразия» уюмунун өкүлдөрү катышып, майрамдын салтанатын дагы да арттырды. 🙏 Улуу Жеңиш үчүн жанын аяган баатырларды терең урматтоо менен эскеребиз. 🤝 Майрамды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон бардык мекеме-уюмдарга, айыл тургундарына ыраазычылык билдиребиз.
660299506 1292615829738636 1362397843119925742 n

Восточная көчөсүндө кошумча иштер уланууда

02/04/2026

Восточная көчөсүндө суу камсыздоону жакшыртуу максатында 800 метр суу түтүктөрү тартылып, кошумча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.
369525

Достук айыл аймагында Нооруз майрамы кеңири белгиленди

21/03/2026

Достук айыл аймагында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленип, майрамдык концерт, улуттук оюндар жана сыйлоо аземи өткөрүлдү.
640538026 1261613479505538 6443027802588193854 n

Достук айыл аймагында Масленица майрамы шаңдуу белгиленди

26/02/2026

Достук айыл аймагында Масленица майрамы жогорку маанайда өтүп, тургундар кышты узатып, жазды шаңдуу тосуп алышты.