Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата өлкө боюнча 101 социалдык объекттин масштабдуу ачылышы болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы №11 Валентина Терешкова атындагы мектепти салтанаттуу ачып, онлайн форматта өлкө боюнча дагы 100 социалдык объекттин ишке киришине старт берди.
Аталган объекттердин катарына:
- 57 мектеп жана кошумча корпустар,
- 17 бала бакча,
- 9 спорттук комплекс,
- 11 медициналык мекеме,
- ошондой эле башка маанилүү социалдык объекттер кирет.
Бул долбоорлордун ичинде Достук айыл аймагында да маанилүү иштер жүргүзүлүп, бүгүн онлайн форматта 4 жаңы ишкана ачылды.
Бул ишканалар аймактын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мындай кадамдар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү социалдык саясатты бекемдөө жана келечек муун үчүн татыктуу шарттарды түзүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин дагы бир жолу далилдейт.




