Ленинское айылында «KG TEX» тигүү цехи ачылды

548830100 1137934855206735 3035427796542975320 n

2025-жылдын 20-сентябрында Достук айыл аймагына караштуу Ленинское айылында жаңы «KG TEX» тигүү өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага төмөнкү расмий өкүлдөр катышты:
🔹 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев
🔹 «KG TEX» ишканасынын башкы директору Азамат Жакыпов
🔹 Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы Игбал Бабаев
🔹 Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагазиев Канат Сагынович
🔹 Аламүдүн районунун акими Эргешов Азамат Казыбекович
🔹 Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Жумалиев Тимур Болотович

Жаңы тигүү цехи аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Долбоордун алкагында:
📌 300 жаңы жумуш орду түзүлдү
📌 Жылына 1 миллионго чейин продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар
📌 Заманбап жабдуулар менен камсыздалган

Бул долбоор Кыргызстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ болуп, аймактын тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.