Достук айыл аймагында Нооруз майрамы кеңири белгиленди

369525

Достук айыл аймагында улуу жаз майрамы — Нооруз кеңири жана жогорку деңгээлде белгиленди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында түрдүү конкурстар, улуттук даамдар сунушталган дасторкондор, кызыктуу спорттук оюндар, ошондой эле кооз майрамдык концерт уюштурулуп, активдүү катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага айыл тургундары жана коноктор көп санда чогулуп, майрамдык шаңга бөлөнүп, жагымдуу маанай өкүм сүрдү. Ар бир катышуучунун жылуу мамилеси жана активдүүлүгү майрамды өзгөчө көрккө бөлөдү.

Нооруз — бул жаңылануунун, биримдиктин жана жакшы тилектердин майрамы.
Ар бир үйдө береке, тынчтык жана молчулук өкүм сүрсүн!