Достук айыл аймагында салттуу Масленица майрамы шаңдуу жана ынтымакта белгиленди.
Айыл тургундары бир жерге чогулуп, кыш мезгили менен коштошуп, жазды жакшы маанай менен тосуп алышты. Майрам учурунда даамдуу куймактар тартылып, ыр-күү жаңырып, күлкү жана жагымдуу атмосфера өкүм сүрдү.
Мындай маданий иш-чаралар айыл элинин биримдигин бекемдеп, улуттук жана элдик салт-санааларды сактоого чоң салым кошот.
Майрамды уюштурууга көмөк көрсөткөн жана активдүү катышкан бардык тургундарга терең ыраазычылык билдиребиз!
📸 Майрамдык көз ирмемдерди сүрөттөр бөлүмүнөн көрө аласыздар.




