Акыркы жаңылыктар
«Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана катуу тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен экинчи заманбап «SHACMAN» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа сатылып алынды.
Жаңы атайын техника буга чейин алынган таштанды ташуучу унаа менен бирге толук кандуу иш графиги боюнча калкка кызмат көрсөтүүнү баштады.
«Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасы тарабынан санитардык тазалыкты камсыздоо жана коммуналдык кызматтарды жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.
Достук айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган 8–9-май күндөрүндөгү эскерүү жана майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаралар автожүрүш менен башталып, айыл аймактагы бир катар айылдарды камтыды. Митинг-реквием өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жаркын элесине гүлдөр коюлуп, шамдар жагылды.
9-май күнү «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, тургундар ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын эрдигин эскеришти. Борбордук аянтта салтанаттуу митинг, майрамдык концерт, элдик оюн-зоок жана талаа ашканасы уюштурулуп, майрам салют менен жыйынтыкталды.
Иш-чараларга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана «АНО Евразия» уюмунун өкүлдөрү катышып, майрамдын салтанатын дагы да арттырды.
🙏 Улуу Жеңиш үчүн жанын аяган баатырларды терең урматтоо менен эскеребиз.
🤝 Майрамды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон бардык мекеме-уюмдарга, айыл тургундарына ыраазычылык билдиребиз.
02/04/2026
Восточная көчөсүндө суу камсыздоону жакшыртуу максатында 800 метр суу түтүктөрү тартылып, кошумча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.
21/03/2026
Достук айыл аймагында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленип, майрамдык концерт, улуттук оюндар жана сыйлоо аземи өткөрүлдү.
26/02/2026
Достук айыл аймагында Масленица майрамы жогорку маанайда өтүп, тургундар кышты узатып, жазды шаңдуу тосуп алышты.