Восточная көчөсүндө кошумча иштер уланууда

660299506 1292615829738636 1362397843119925742 n

Достук айыл аймагындагы Восточная көчөсүндө инфраструктураны жакшыртуу боюнча кошумча иштер улантылууда.

Муниципалдык ишкана «Ынтымак-Достук» тарабынан суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу багытында активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 800 метр суу түтүктөрү тартылып бүттү.

Аталган иштердин негизги максаты — тургундарды таза жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ошондой эле көчө жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Учурда курулуш жана монтаждоо иштери уланууда.

Айыл аймагынын тургундарына түшүнүү менен мамиле кылып, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.