“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” 

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамын аткаруунун алкагында Достук айыл аймагынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу боюнча бир катар иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Айыл аймагындагы жалпы орто билим берүүчү мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жыл сайын Мамлекеттик тил күнүнө арналган ар кандай маданий, билим берүү жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда кыргыз тилинде окуткан класстар жана тайпалар иш алып барууда.

Мындан тышкары, айыл аймагында тил үйрөтүү курстары уюштурулуп, мамлекеттик тилдин алып жүрүүчүлөрү болбогон жаш муун өкүлдөрү кыргыз тилин активдүү үйрөнүп жатышат.

Достук айыл өкмөтүнүн аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү, расмий кат алышуу жана документ жүгүртүү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча «Кыргызтест» системасы аркылуу В1 жана В2 деңгээлдеринде тестирлөөдөн өтүшкөн жана учурда дагы тиешелүү деңгээлдерди жогорулатуу боюнча иштерди улантышууда.

Айыл аймагынын калкы арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана анын кадыр-баркын көтөрүү боюнча түшүндүрүү жана үгүт иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Ошондой эле айыл аймагындагы соода түйүндөрүнүн, бизнес объектилеринин жана башка кызмат көрсөтүү жайларынын көрнөк-жарнактары мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырылган.