Константиновка – Луговое жолунда асфальттоо иштери башталды

495536341 1048283854171836 8825649428802685862 n

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Константиновка айылынан Луговое айылындагы Алма-Атинская көчөсүнө чейинки автомобиль жолун асфальттоо иштери башталды.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 2 чакырымды түзгөн жол бөлүгү оңдолуп, заманбап талаптарга ылайык асфальт төшөлөт.

Бул иштер жол инфраструктурасын жакшыртууга, транспорттук каттамды жеңилдетүүгө жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жолдун жаңыланышы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, калктын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.